Путин Эрдоган менен Астанада жолугушууну пландаштырууда

Автор

Россиянын Президенти Владимир Путин алдыдагы Астана сапарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууну пландап жатат.
Кремлдин расмий сайтында билдирилгендей, Путин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу өткөргөн. Анда Путин Эрдоган менен кийинки айда жолугушууну пландап жатканын айтты.
“Сизден президент Эрдоганга эң жакшы каалоолорумду жеткирүүңүздү суранам. Буюрса, жакын арада, 3-4-июль күндөрү Астанада эл аралык иш-чаранын алкагында болот. Биз аны менен жолугушуп, бардык учурдагы маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз”,-деди Путин Фиданга.
Буга чейин 3-4-июль күндөрү Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөрү маалым болгон. Путин алдыдагы саммитке катышарын тастыктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте соодагерлер кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 12-июнда Бишкекте соодагерлер Максим Горький атындагы бакчага нааразычылык акцияга чыгышты. Маалыматка ылайык, чогулган “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы экендиктерин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышууда. Чогулгандар менен Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысыбеков жолукту. Бирок чогулгандар […]

Сизге жагышы мүмкүн