Россиянын президенти Владимир Путин орус аскерлеринин Харьков операциясынын милдеттерин түшүндүрдү. Ал мындай аракеттер Россиянын аймактарын аткылоого жооп экенин, Харьковду алуу планы жоктугун билдирди.
«Бул да алардын (Украина бийлигинин) күнөөсү, анткени алар ок атышты. Тилекке каршы, чек ара аймактарына, Белгороддун турак жайларын аткылоону улантууда. Карапайым калк арасында жоготуу болуп жатат. Мындай улана берсе, биз аргасыздан коопсуздук, санитардык зонаны түзөбүз”,-деди Владимир Путин Харбинде Харьков боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Президент белгилегендей, Харьков багытында орус аскерлери план боюнча жылып жатат. Бүгүнкү күндө Батыш басма сөзүндө мурда активдүү жарыялангандай Харьковду алуу пландары жок.
ФИФА футболчулар үчүн расизм менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп тапты
Ише Май 18 , 2024