Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык Жыйынга жылдык кайрылуу жасайт. Башталышы Москва убактысы боюнча 12:00гө белгиленген.
Кремль иш-чаранын жүрүшүндө кандай темалар болорун айтуудан баш тартты. Путин өзү үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кошумча чараларды жарыялоону убада кылган.
Россиянын президенти өлкөнүн Конституциясынын 84-беренесине ылайык, Федералдык Жыйынга жыл сайын билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.