Украинанын жарандарына Россия Федерациясына кирүү жана чыгуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.
Жарлыкка ылайык, украиндер виза алуу үчүн арыз берүүнүн кажети жок. Алар Россияга, тагыраак айтканда, украин паспорту менен кире алышат.
Украинанын жараны Россия Федерациясына кирүү жана Россиядан чыгып кете ала турган документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорту.