Россия президенти Владимир Путин Тышкы иштер министрлигинде сүйлөп жатып, сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Украинага коюлган шарттарды тизмектеп берди.
“Бүгүн биз дагы бир конкреттүү, реалдуу тынчтык сунушун киргизип жатабыз”,-деген президент Москва жаңжалды тоңдуруу эмес, аны токтотуу, толук чечүү сунушун айтып жатканын түшүндүрдү.
Шарттардын тизмесине Украина күчтөрүн жаңы Россия аймактарынан чыгарып кетүү жана Киевдин НАТОго кирүү планы жокко чыгаруу, нейтралдуу, өзөктүк эмес статусуна берилгендигин расмий билдирүүсү сунушталды.
Мындан тышкары, Крым жана Севастополь, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын РФ аймагы катары статусу эл аралык келишимдерде бекитилиши керек. Дагы бир шарт Россияга каршы батыш санкцияларынын алынышы.
Эгерде Батыш жана Киев сунуштарды эске албаса, анда кандуу окуялар үчүн жоопкерчилик аларда болорун Путин баса белгиледи.
Россиянын Европага чабуул жасоо пландары бар деген билдирүүлөрдү “абсурд” деген президент Украинадагы жаңжалдын кесепеттери дүйнө жүзүнө таасир этип жатканын, батыш мамлекеттеринин эгоизми жана текебердиги дүйнөнү кайтарылгыс чекке жакындатып жатканын билдирди.
“Биз кайтарылгыс чекке абдан жакын келдик. Россияны, дүйнөдөгү эң чоң ядролук куралдарга ээ болгон өлкөнү стратегиялык жеңилүүгө учуратуу чакырыктары батыш саясатчыларынын ашкере авантюризмин көрсөтүүдө”,-деген Путин мунун кесепеттери “кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн” экенин кошумчалады.
“Европага коркунуч Россиядан келбейт. Европалыктар үчүн негизги коркунуч — бул АКШдан аскердик, саясий, технологиялык, идеологиялык жана маалыматтык чөйрөлөрдө критикалык жана улам күчөп жаткан, дээрлик толук көз карандылык”,-деп түшүндүрдү Россия лидери.
“Эгерде Европа дүйнөлүк өнүгүүнүн өз алдынча борборлорунун жана планетанын маданий-цивилизациялык уюктарынын бири болуп калууну кааласа, Россия менен жакшы, достук мамиледе болушу керек. Россия бул үчүн даяр”,-деди.
Мамлекет башчысы ошондой эле орус жана украин элдери конфликтти жөнгө салуунун жолун таба алмак деп айтты. Бирок азыркы кырдаалда баары башкача болуп жатканын, Украинадагы жаңжал XX кылымдын аягындагы, XXI кылымдын башындагы Батыштын саясатынын түздөн-түз натыйжасы экенин баса белгиледи. “Орус жана украиндерди жалпы тарых жана маданият, руханий баалуулуктар, миллиондогон туугандык, үй-бүлөлүк, адамдык байланышы бар экени шексиз, алар ар кандай суроолорду жана келишпестиктерди адилеттүү жөнгө салуунун жолун табышмак”,-деди Путин.
Россия президенти куралдуу жаңжалга Киевди айыптады. “Киев режими согуштук аракеттерди баштап, улантууда, бул агрессия”,-деди Россия президенти.