Путин: Украинага жардам токтосо, жаңжал бир-эки айда бүтөт

Автор

Эгерде Батыш өлкөлөрү Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотсо, Россия менен болгон жаңжал тез эле аяктайт, деп билдирди президент Владимир Путин. Анын айтымында, мындай учурда жаңжалды аяктоо үчүн эки айдан ашык убакыт кетмек эмес.
«Эгерде акча жана кеңири мааниде ок-дарылар токтотулса алар бир ай да жашай алышпайт, Баары бир ай, бир жарым, эки айда бүтөт»,-деди президент журналист Павел Зарубинге берген маегинде.
Мамлекет башчысы ошондой эле Москва менен Киевдин ортосундагы диалогдун жыйынтыгын Украинадагы легитимдүү жетекчилик ырасташы керек экенин белгиледи. Анын айтымында, азыркы учурда ал жакта сүйлөшүүлөргө тыюу салган мыйзамга «азыркы режимдин башчысы» кол койгон, бирок, ал азыр аны жокко чыгарууга укуктуу эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Пархат Тулендыбаев ант берди. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев жакында эле Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Анын мандаты Пархат Тулендыбаевге тийген. Эске салсак, Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон. Бөлүшүү:

You May Like