Путин Түркмөнстанга иш сапары менен келди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик маалымат агенттиктеринин маалыматы боюнча Ашхабадга иш сапары менен келди. Путин Иран президенти Масуд Пезешкиян менен жолугат. Ошондой эле «Заманалардын жана цивилизациялардын байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» форумуна катышат. Эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу маселелерди жана Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушун талкуулашат.
Форумга Россиянын президентинен тышкары 10дон ашык өлкөнүн лидерлери жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) сыяктуу эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан курамасы Катарга 3:1 эсебинде утулуп калды

2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтүп жаткан Катар – Кыргызстан беттешинде “Ак шумкарлар” 3:1 эсебинде утулуп калышты. Беттештин 1-бөлүгүнүн 39-мүнөтүндө эсеп ачылып, катарлык оюнчу А.Али гол киргизген. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде аяктаган. Ал эми экинчи таймда эсеп 3:1 менен катарлыктардын пайдасына оюн жыйынтыкталды. Оюн Доханын 44 миң көрүүчү баткан […]

Сизге жагышы мүмкүн