Путин Түндүк Корея жана Вьетнамдын президенттерине телеграмма жолдоду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга жана Вьетнамдын президенти То Ламга телеграмма жөнөттү. Ал экөөнө тең өткөн аптада жасаган жеке сапарлар учурунда көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Түндүк Кореянын лидерине жазылган телеграммада «Бул мамлекеттик сапар Москва менен Пхеньяндын ортосундагы мамилелерди камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн мурда болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлине алып чыкты»,-деп айтылат.
Вьетнамдын президенти То Лама менен болгон сүйлөшүүлөрдү Россиянын президенти конструктивдүү жана натыйжалуу деп атады. Жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы Москва менен Ханойдун ортосундагы мамилелерди камтыган стратегиялык өнөктөштүктү андан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деп ишенерин билдирди.
18-19-июнь күндөрү Владимир Путин Түндүк Кореяга барды. Сапардын жыйынтыгында тараптардын бирине кол салуу болгон учурда аскердик жардам көрсөтүүнү караган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду.
20-июнда Владимир Путин Вьетнамга барды. Өлкө президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

«Бишкекжарык» ишканасына электриктер талап кылынат

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электриктер талап кылынат. Муниципалитеттен билдиришкендей, адистер төмөнкүдөй талаптар менен кабыл алынат: 18 жаштан 27 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жараны; тажрыйбасы бар жана тажрыйбасы жок; жаман адаттар жок; пунктуалдык жана жооптуу. Белгилей кетсек, айлык акы 25 миң сомдон жогору. Бардык талапкерлердин жанында туура байланыш номерлерин көрсөткөн резюмеси болушу […]

Сизге жагышы мүмкүн