Россиянын президенти Владимир Путин Корея Элдик Демократиялык Республикасынын тышкы иштер министри Цой Сон Хи менен жолугушту.
Жыйынга орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты.
Буга чейин Россия менен КЭДРдин тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгы боюнча Владимир Путинге маалымат берилген.