Путин Түндүк Кореянын лидери менен 11 сааттан ашык сүйлөштү

Автор

Президент РФ Владимир Путин Түндүк Кореяда 18-19-июндагы мамлекеттик сапарында Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КНДР) лидери Ким Чен Ын менен 11 сааттан ашык убакыт болду.
Түндүк кореялык лидер россиялык кесиптешин учактын тепкичине чейин узатты. Алдына төшөлгөн кызыл килемдин үстүнөн өтүп бара жатканда Путин менен Ким Чен Ын үчүн атайын Ким Ир Сен үчүн жазылган “Бакыт ыры” аткарылды.
Путинди Түндүк Кореянын миңдеген тургундары узатып, борбордук Пхеньяндын көчөлөрүндө гүлдөрдү, желектерди жана аба шарларын көтөрүп турушту.
Путин менен КНДР лидери жеке жолугушуусунда болжол менен эки жарым саат сүйлөштү. Бул пландаштырылган бир сааттан көпкө созулду.
Эки өлкө ортосунда бири-бирине кол салуу болгон учурда өз ара коргоону камтыган келишим түзүлдү. Ошондой эле Россия жана КНДР санкциялык басымга каршы туруу пландарын сөз кылышты. Путин Россия жана КНДР көп полярдуу дүйнөлүк түзүлүштү коргоону, эл аралык укукка жана маданий-цивилизациялык ар түрдүүлүккө негизделген болушун жактай турганын белгиледи.
Ал Кимди Россияга чакыруу менен бирге курортторунда аскердик операцияда курман болгондордун балдарын кабыл алгандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.
Путин Ким Чен Ынга жаңы Aurus унаасы белек кылды. Ал эми КНДР лидери Путиндин бир нече сүрөттөрүн белек кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Балбан Акжол Махмудов Польшадагы мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде алтын утту. Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат. Махмудов 77 кг салмакта күч сынашты. Ал катары менен украиналык, алжирлик жана колумбиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Финалда Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, […]

Сизге жагышы мүмкүн