Путин Түндүк Кореянын аскерлеринин Россияга келгени боюнча суроого жооп берди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Казандагы БРИКС саммитинин жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия аймагына келип жатканы тууралуу билдирүүлөргө комментарий берди.
NBC News телеканалынын журналисти Путинге спутниктен алынган сүрөттөр тууралуу суроо берип, анда Түндүк Кореянын аскерлери Россияда жүргөнү чагылдырылганын айтты. «Алар бул жерде эмне кылып жатышат жана бул Украиндагы согуштун ого бетер күчөшүнө алып келбейби?»-деп сурады кабарчы.
«Сүрөттөр — бул олуттуу нерсе. Эгерде сүрөттөр болсо, анда алар бир нерсени көрсөтүп жатат. Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү бурайын дегеним, Украиндагы эскалацияны Россия эмес, 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш алып келген. Бул төңкөрүштү эң биринчи кезекте АКШ колдогон. Андан кийин бизди сегиз жыл бою алдашкан, Украиндагы конфликтти Минск келишимдеринин негизинде тынчтык жолу менен чечилерин айтып»,-деди Путин.
Түндүк Корея менен мамилелер темасына кайрылып, Путин 24-октябрда Мамлекеттик Дума Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимди ратификациялаганын эскертти.
«Ал жерде 4-берене бар. Биз Түндүк Кореянын жетекчилиги биздин макулдашууларга олуттуу мамиле кыларынан эч качан шек санаган эмеспиз. Бирок эмне жана кандай кылаарыбыз биздин ишибиз, бул 4-берене чегинде. Биринчи кезекте бул берененин ишке ашырылышы боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек, бирок биз түндүк кореялык досторубуз менен байланыштабыз жана бул процесс кандай өнүгөөрүн көрөбүз»,-деди Путин.
Келишимдин 4-беренесинде мындай делет. «Эгерде тараптардын бири бир же бир нече мамлекеттин куралдуу кол салуусунан улам согуштук абалга туш келсе, экинчи тарап БУУнун Уставынын 51-беренесине жана Корея Демократиялык Элдик Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык бардык жеткиликтүү каражаттар менен ага аскердик жардам көрсөтөт».
Октябрда Түштүк Кореянын чалгын кызматы Түндүк Кореядан 1,5 миң солдат Россиянын Ыраакы Чыгыштагы полигондоруна келгенин жана алар согуштук аракеттер зонасына жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирди. 18-октябрда Түштүк Кореянын чалгын кызматы спутник сүрөттөрүн жарыялап, анда Түндүк Кореянын аскерлеринин Россияга жылып жатканын жана аларды даярдоо үчүн аскердик объекттер бар экенин көрсөттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Дубайда кыргызстандык жаран изделип жатат

Дубай шаарында жоголгон кыргызстандык кыз изделип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Дубай шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ыкчам түрдө шаардын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн