Путин Түндүк Кореяга келди

Автор

Россиянын Президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен Пхеньянга келди. Орус мамлекетинин башчысын өлкөнүн лидери Ким Чен Ын тосуп алды.
Иш сапардын негизги күнү 19-июнь. Анда Путин Түндүк Кореянын партиялык кызматкерлери, анын ичинде Ким Чен Ын менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Түштөн кийин РФ президенти түндүк кореялык тарап менен бир катар биргелешкен документтерге кол коет.
Программада Путин менен Ким Чен Ындын «Советтик армия тарабынан Кореянын боштондугу» монументине гүлчамбар коюу иш-чарасы болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Сагынбаев Канат Латипжанович ротация менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Бишкек шаарынын мэриясынын азыркы аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович […]

Сизге жагышы мүмкүн