Путин Түндүк Кореяга жана Вьетнамга барат

Автор

Владимир Путин 18-19-июнь күндөрү Түндүк Кореяга бара турганын Кремль билдирди. Андан кийин, 19-20-июнь күндөрү, мамлекет башчысынын Вьетнамга сапары болот.
“Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ындын чакыруусу боюнча Владимир Путин 18-19-июнь күндөрү достук мамлекеттик сапар менен Корея Элдик-Демократиялык Республикасына барат”,-деп билдирди Кремль.
Ал эми Ханойдо президент Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Нгуен Фу Чонг, президент То Лам жана башка мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда селден өспүрүм бала каза таап, 300 түтүн көчүрүлдү

17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, селдин кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 20 куткаруучу, «Кыргызнефтегаз» ААКдан 8 кызматкер, 1 трактор, а/а 20 кызматкер, 1 жүктөгүч, […]

Сизге жагышы мүмкүн