Россиянын президенти Владимир Путин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда орус тилин өнүктүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал орус-казак сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттары үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты.
«Казакстанда орус тили кеңири жана эркин колдонулуп жатканын жогору баалайбыз. Бул республиканын жетекчилиги тарабынан ар тараптан колдоого алынганын көрүп жатабыз. Казакстандын президентинин эл аралык орус тили уюмун түзүү демилгеси үчүн ыраазыбыз. Бул уюмдун ишмердүүлүгү мамлекеттер аралык жана улуттар аралык байланыш каражаты катары орус тилин колдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем»,-деди Путин.
Ошондой эле, ал Россия Казакстанда жаңы орус тилдүү мектептерди курууга жана жалпысынан орус тилиндеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берип жатканын белгиледи.