Россиянын Президенти Владимир Путин Түндүк Осетиядагы Беслан шаарына келип, «Периштелер шаары» мемориалдык комплексине барды. Аталган комплекс террористтер тарабынан 2004-жылы №1 мектепте жасалган терактта курман болгондордун сөөктөрү жашырылган жер. Путин көрүстөнгө гүл коюп, мектептин өзүнө барды.
Быйыл сентябрда Бесландагы теракттын болгондугуна 20 жыл толот. 1-сентябрда террористтер мектепти басып алган учурда 334 адам, анын ичинде 186 бала көз жумган.