Путин: Так макулдашмайынча ок атышууну токтотуу мүмкүн эмес

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөр башталмайынча жана Киев менен так макулдашууларга жетишмейинче Украинадагы ок атууну токтотуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Путин Астанада журналисттер менен баарлашуу учурунда Россия ок атууну токтотууга макул боло албасын, Украина тараптын жоопкерчилигине ишенбей турганын айтты. «Биз душман ок атууну токтотуудан пайдаланып, курал-жарагын толуктап, зордук-зомбулук мобилизация жолу менен армиясын толуктап алышына жол бере албайбыз»,-деди Путин.
Президент тынчтык келишимине жетишүү үчүн Украина кайра кайтпас жана кабыл алынуучу кадамдарды жасашы керектигин баса белгиледи.
Путин 2022-жылы батыш өнөктөштөрүнүн өтүнүчү боюнча Киевдин жанындагы орус аскерлери согуштук аракеттерди токтоткон учур болгонун, бирок Украина тараптан жоопкерчилик болбогонун билдирди. «Россия көп жолу алданууга туш болду. Ошондуктан азыр ок атууну токтотуп, экинчи тарап позитивдүү кадамдарды жасайт деген үмүт менен жарыялоо мүмкүн эмес»,-деп жыйынтыктады Путин.
Россия президенти Украинанын конфликти ортомчулар аркылуу чечилиши ыктымал эмес экенин билдирди. «Биз ар дайым сүйлөшүүлөрдү жактаганбыз, биз алардан эч качан баш тарткан эмеспиз. Маселе ортомчулар аркылуу жана алар аркылуу гана конфликтти толук аяктоо мүмкүн эместигинде, анткени ортомчу акыркы документке кол коюуга ыйгарым укуктуу болот деп эсептебейм»,-деди Владимир Путин.

Бөлүшүү:
Next Post

Качырып ийбе! Бүгүн Евро 2024тө супер беттеш болот

Бүгүн, 5-июлда Евро-2024 алкагында Португалия менен Франциянын 1/4 финалдык беттеши орун алат. Гамбургдагы беттеште Килиан Мбаппе Франция курамында , ал эми Криштиану Роналду Португалияда ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн