Путин Тажикстандын президентине телеграмма жөнөттү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, телеграмма жөнөттү. Анда ал Рахмон менен жакынкы күндөрү Москвада жолугарын айтты.
«Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты бекемдөөгө, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ алкагында өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган үзгүлтүксүз аракеттериңизди жогору баалайт»,-деп жазды орус президенти.
Эмомали Рахмондун Россияга визити качан болору азырынча белгисиз.
4-октябрда Тажикстанга вице-премьер Марат Хуснуллин барган. Ал сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен бирге экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын 20-жыйынын өткөрдү. Жыйында тараптар соода, өнөр жай, туризм жана башка тармактардагы өнөктөштүктү талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында Марат Хуснуллин Россия менен Тажикстан миграцияны көзөмөлдөө үчүн жумушчу топ түзүшү керектигин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ балдардын смартфондорду колдонуусун жөнгө салууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өспүрүмдөрдүн смартфондорду колдонушун мыйзам чегинде жөнгө салууга чакырат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. ДССУнун Европа регионундагы саламаттыкты сактоо системалары жана саясаты боюнча директору Наташа Аццопарди-Мускат оюндардын жана социалдык тармактардын балдардын психикалык ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасиринин өсүп жатканын билдирди. Ал жаш курак боюнча чектөөлөрдү киргизүүнү, […]

Сизге жагышы мүмкүн