Путин: Россия жана Иран төлөм системалары боюнча иштеп жатышат

Автор

Президент Владимир Путиндин айтымында, Россия менен Иран толугу менен улуттук валюталарда өз ара эсептешүүгө өтүштү. Ошондой эле, эки өлкө төлөм системаларын бириктирүү боюнча иш алып барууда, деп билдирди Путин Ирандын башчысы Масуд Пезешкиян менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн басма сөз жыйынында.
«Мисалы, 2024-жылы орус рубли жана иран риалы менен жүргүзүлгөн транзакциялардын үлүшү эки тараптуу соода операциялары 95 пайыздан ашты»,-деди Россиянын президенти.
Владимир Путин эки өлкө насыя-банк системаларынын өз ара аракеттешүү каналдарын түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.
Ноябрда Ирандын Борбордук банкынын башчысы эки мамлекет өз ара эсептешүүлөрдө долларды толугу менен четтеткенин билдирген.
Тегеран жана Москва улуттук валюталарда өз ара эсептешүүгө 2022-жылы өтүүнү макулдашкан. 2023-жылы эки өлкөнүн борбордук банктары ортосундагы финансылык жана банк операцияларын жөнөкөйлөтүү үчүн келишимге кол коюлган. Азыр Иран менен Россия финансылык билдирүүлөрдү алмашууга шарт түзө турган купуя каналдын ишке киришин камсыздоо үчүн иштеп жатышат. Бул эки өлкөгө SWIFT системасына муктаж болбоого мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:

You May Like