Путин Россиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады

Автор

Беларуссия союздук мамлекеттин курамында болгондуктан, ага карата агрессия болгон учурда ядролук курал колдонуу укугун Россия өзүнө алат. Бул тууралуу президент Владимир Путин РФ Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Президент бул иш-чараны биринчи жолу ачык өткөрдү.
Путин өзөктүк доктринага ядролук куралды колдонуу шарттарын аныктоо боюнча бир катар тактоолорду киргизүүнү сунуштады.
«Россияга каршы ядролук эмес мамлекеттен, бирок өзөктүк мамлекеттин катышуусу же колдоосу менен агрессия жасалган учурда, бул Россия Федерациясына биргелешкен кол салуу катары каралышы сунушталууда»,-деп айтылат Россиянын жаңыланган ядролук доктринасында.
Мындан тышкары, Россиянын ядролук курал колдонууга өтүү шарттары жазылган. Ага учкучсуз учуучу аппараттар жана башка аба-космостук кол салуу каражаттарынын массалык чабуулдары жана алардын Россиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүшү аталат. «Мен стратегиялык жана тактикалык авиациянын учактарын, канаттуу ракеталарды, учкучсуз учактарды, гипер үндүү жана башка учуучу аппараттарды айтып жатам»,-деп тактады Путин.
Буга чейин Путин Россия армиясынын санын көбөйткөнү кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Камсыздандыруудагы катаал иш

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов банк жана камсыздардыруу боюнча маселени бүгүн, 26-сентябрдагы парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү “Бизге шайлоочулар кайрылып жатышат. Унаасын саткан же, сатып алган камсыздандырууну алышы керек экен. Бул туура эмес”,- деди. Ал мындай аракетти камсыздандыруу компанияларынын бизнесин гүлдөтүү катары сыпаттады. Ошондой эле банктардагы онлайн кредитти […]

Сизге жагышы мүмкүн