Путин: Россияга алыс аралыкка атуучу курал менен сокку уруу НАТОнун жаңжалга катышуусун билдирет

Автор

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Батыштан келген узак аралыкка атуучу куралдардын Россияга сокку уруу үчүн колдонулушу «НАТО өлкөлөрү, АКШ, Европа өлкөлөрү Россия менен согушуп жатат» дегенди билдирерин айтты. Ал Украинанын мындай соккуларды өз алдынча жасай албай турганын белгиледи. Путиндин айтымында, бул НАТО спутниктеринин маалыматтарын колдонуу менен гана болушу мүмкүн. Анткени Украина мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес, альянстын аскерлери гана муну кыла алышат.
«Сөз НАТО өлкөлөрү түздөн-түз согушка катышат же катышпайт деген чечимди кабыл алуу тууралуу жүрүп жатат»,-деди президент. Путиндин айтымында, эгерде бул чечим кабыл алынса, анда бул кагылыштын маңызы, мүнөзү өзгөрөт жана бул НАТО өлкөлөрүнүн Россия менен согушуп жатканын билдирет.
«Эгерде ушундай болсо, анда бул кагылыштын мүнөзүнүн өзгөргөнүн эске алып, бизге түзүлүп жаткан коркунучтарга жараша тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз»,-деп кошумчалады ал.
Акыркы бир нече жумада Батыш медиаларында Украинага узак аралыкка атуучу куралдарды Россиянын аймагындагы аскердик объектилерге колдонууга болгон Батыш чектөөлөрүн алып салуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат.
Анда Лондон Киевге Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Россиянын аймагындагы буталарга сокку урууга уруксат берет деген маалыматтар бар.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 11-сентябрда Киевге болгон сапары учурунда Ак сарай өз чектөөлөрүн алып салууга ниеттенип жатканын кыйыткан.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары - 2024: Астанада оюндардын жабылышы көрүүчүлөрсүз өтөт

Астанада өтүп жаткан бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи бюджеттин кыскарышынан улам протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдирди. «Бүгүн, 13-сентябрда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болот. Быйыл жазында бюджеттин кыскарышына байланыштуу иш-чара шаан-шөкөтсүз, протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Жабылуу аземин Казакстандын алдыңкы телеканалдары түз ободо көрсөтө […]

Сизге жагышы мүмкүн