Путин расмий сапар менен Монголияга барат

Автор

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча Владимир Путин 3-сентябрда расмий сапар менен Монголияга барат. Ал Советтик жана монгол куралдуу күчтөрүнүн Халхин-Гол дарыясында жапон милитаристтерине каршы биргелешкен жеңишинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө орус-монгол ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жагы талкууланат. Эл аралык, аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу жүргүзүлүп, бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Владимир Путиндин Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Амарбаясгалан Дашзэгве жана премьер-министри Оюун-Эрдэнэ Лувсаннамсра менен жолугушуулары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Лаваш же нанбы? Ден соолукка кайсынысы пайдалуу

Тазаланган ундан жасалган жөнөкөй нан аз гана калорияларды камтыйт деген пикир бар. Кадимки бышырылган тамактарыңыз үчүн бүт данды алмаштыруу оңой. Бирок дагы бир бир кыйла жеткиликтүү вариант бар . Сөз, албетте лаваш тууралуу болуп жатат. Лаваш нанга караганда болжол менен 20-30% ден соолукка пайдалуу деп белгилешет Коомдук жаңылыктар кызматынын эксперттери. […]

Сизге жагышы мүмкүн