Россиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, “орустар менен украиндер бир эл” деп айтып, Украинанын Одессасын россиялык шаар деп атады.
“Негизи орустар менен украиндер бир эл, азыр болуп жаткан окуя бир туугандардын бири-бирине карама-каршы тарапта калгандагы жарандык согушка окшош чоң трагедия”,-деди Путин.
“Одесса жалпысынан Россиянын шаары, биз муну билебиз”-деди ал.
Россия Федерациясынын лидери Украинанын түштүк-чыгыш аймактары ар дайым россиячыл болуп келгенин, Крымдын да, Кара деңиз аймагынын да Украинага эч кандай тиешеси жок экенин, бул аймактарды Владимир Ленин Украинага өткөрүп бергенин кошумчалады.