Путин орусиялыктардын Олимпиадага катышуусу боюнча үн катты

Автор

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Спорт министрлигине жана Орусиянын Олимпиада комитетине (РОК) 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына орусиялык спортчулардын катышуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Игорь Левитин орусиялык ЖМКларга билдирди.
Игорь Левитин «Өлкө президенти Спорт министрлигине жана Орусиянын Олимпиада комитетине биздин спортчулардын Париждеги оюндарга катышуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Ар бир федерация Олимпиада оюндарына кандай шарттарда катышарын жана Олимпиадага катышуу үчүн кандай декларацияларды талап кыларын чечиш керек», – деп айтты.
Эске сала кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) орусиялык жана Беларуст спортчуларга Олимпиадага катышууга бардык критерийлерди эске алуу менен бейтарап статуста катышууга уруксат берген. Бирок, спортчулар эч кандай командалык мелдештерге катыша албайт. Мамлекеттик желектерди, гимндерди жана башка идентификацияны колдонууга жол берилбейт
Эске салсак, Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган Ысык-Көлдө табылды

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, үч бир тууган — Раяна, Мусабек жана Исабек Маруковдор бүгүн, 26-февралда Ысык-Көл облусунун аймагында аман-эсен табылган. Эске салсак, 24-февралда жаран милицияга кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы жана 2012-жылы туулган эгиз уулдары дайынсыз болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн