Эгерде Украинага батыштын алыска атуучу куралдары менен Россиянын аймагына тереңирээк сокку урууга уруксат берилсе, Москва «тийиштүү чара» көрөт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин «Москва. Кремль. Путин» программасынын алып баруучусу Павел Зарубиндин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Жооп чараларынын деталдары тууралуу айтуу эрте, бирок Коргоо министрлиги ар кандай жооп варианттарын сунуштайт»,-деди Путин.
Ал Батыш анын алыска атуучу куралдарды колдонууга уруксат берүү НАТО өлкөлөрүнүн Россия-Украина жаңжалында түздөн-түз катышуусун билдирет деген билдирүүсүн уккан деген үмүтүн билдирди.