Путин министрге даамдуу жемиштер үчүн ыраазычылык билдирди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Ташкентте өлкөнүн айыл чарба министрине даамдуу жемиштер үчүн ыраазычылык билдирди.
«Жемиши үчүн рахмат, президент аны мага жөнөтөт. Ушунчалык даамдуу”,-деди Путин Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмоновго Куксарой резиденциясында.
Президенттин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын кадрлары 2-июнда “Москва. Кремль. Путин” берүүсүнөн көрсөтүлдү.
Россельхознадзордун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Өзбекстан Россияга жашылча-жемиштерди берүүнү былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 1,8 эсеге көбөйткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 3-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 4-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин, суу каптоонун […]

Сизге жагышы мүмкүн