Путин менен Эрдоган БРИКС саммитинде өзүнчө жолугушууну макулдашты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Түркия президенти Казанда өтө турган БРИКС саммитинде Владимир Путин менен өзүнчө жолугушууга даяр экенин тастыктады.
Россия президентинин администрациясы билдиргендей, эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелерди, глобалдык жана аймактык маселелерди, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы кооптуу жаңжалды талкуулашты. Ошондой эле, Эрдоган Путинди туулган күнү менен куттуктады.
БРИКС саммити 22-24-октябрда Казанда өтөт. Саммитке Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышат. Ошондой эле Сербия Республикасынын президенти Милорад Додик саммиттин алкагында Владимир Путин менен жолугушууну пландап жатат.
Быйыл саммитке мүчөлүккө кирүү үчүн Малайзия, Азербайжан жана Сириядан арыздар берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмил Үмөттөн маанилүү сунуш

“Мени отчествомон чакырбагылачы деп көп айттым. “ов”, “ев”, “ова”, “ева” дегенден көп жыл мурда баш тарткамын. Паспортумду өзгөртө албай жатам, анткени, 10 жылдык визаларым бар”,- деди Кыргызстандын экс-экономика министри Эмил Үмөталиев. Ал Фейсбук баракчасында Эмил Үмөт деп жазылып турса деле көнгөн адаттарына салып, “ович” деп кайрыла беришээрин айтты. Эгемендүүлүк алгандан […]

Сизге жагышы мүмкүн