Путин менен Эрдоган Астанада эмне тууралуу сүйлөштү?

Автор

Астанадагы ШКУ саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттү. Эки мамлекеттин лидерлеринин маеги бир саатка созулду.
Путиндин айтымында, Россия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер дүйнөдөгү азыркы учурдагы бардык кыйынчылыктарга карабастан акырындык менен өнүгүп жатат. “Биз эл аралык саясаттын бир катар эң маанилүү багыттары боюнча активдүү иштөөнү улантып жатабыз. Биздин министрликтер жана мекемелер дайыма маалымат алмашып, негизги багыттар боюнча позицияларды макулдашып жатышат”,-деди Россия лидери.
Президенттер экономикалык кызматташтык алкагындагы ири долбоорлорду жана россиялыктардын Түркияга саякаттарын талкуулашты.
Эрдоган Анкара менен Москва товар жүгүртүүнү 100 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатканын белгилеп, Путинди жакын арада Түркияга чакырды.
Россиянын президенти Эрдоганга сөзсүз келерин убада кылып, Түркияга сапары көптөн бери пландалып жатканын, бирок графиктерди макулдашуу мүмкүн болбогонун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды

Бүгүн, 4-июлда Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтүп жаткан кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин – Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышууда. ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, […]

Сизге жагышы мүмкүн