Путин менен түз байланыш 19-декабрда өтөт

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин чоң маалымат жыйыны жана түз эфир 19-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Иш-чара «Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы» деген аталышта өтөт.
Песковдун айтымында, түз эфир үчүн суроолорду чогултуу ишемби түнү башталат. Быйыл түз эфир маалымат жыйыны менен айкалыштырылып, ага бир нече батыш басылмалары да катышат.
Мындан тышкары, уюштуруучулар жарандардын суроолорун иштеп чыгуу процессине жасалма интеллектти кошконун Песков кошумчалады. Анын жардамы менен президент бардык түшкөн суроолор тууралуу жалпы маалыматка ээ болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Психикалык жактан дени сак адамдын негизги белгилери. Өзүңүздү текшерип көрүңүз?

Өзүнүн “менинин” туруктуулугун жана инсандыгын түшүнүү Чынында ден соолугу чың адам өзүн кандай болсо, ошондой билет. Мисалы, 50 жаштагы аял өспүрүм менен мамиле түзбөйт. Аны психикалык жактан соо адам түшүнөт: Ал ким? Ал азыр эмне кылып жатат? Өзүңүздүн эмоцияларыңызды башкаруу Дени сак эмоционалдык башкаруу, биринчи кезекте, ар кандай кыйынчылыктар жана […]

Сизге жагышы мүмкүн