Путин менен Токаев сүйлөштү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Астанада жолугушту.
Алар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Путин Токаевдин Казакстанга ноябрда дагы бир жолу келип кетүү жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жогорку кеңешинин жыйынына катышуу чакыруусун кабыл алды.
«Биз сиз менен дайыма байланыштабыз. Товар жүгүртүү өсүүдө. Ал дээрлик 30 миллиард долларга жетти»,-деген Путин Россия Казакстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калып жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде, Токаев Россиянын президентинин өткөн жылдын ноябрь айында республикага жасаган иш сапары учурунда жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди жеке көзөмөлдөп жатканын айтты.
Владимир Путин Астана шаарына 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келди. Казакстанда ал Монголия, Азербайжан, Пакистан, Түркия жана Кытай Эл Республикасынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Байтик баатыр – Медеров көчөлөрүнүн кесилиши ачылат

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат. Белгилей кетсек, учурда жолду капиталдык оңдоо иштери Байтик баатыр-Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн