Путин менен Си Цзиньпин бири-бирин куттукташты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бири-бирине өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгына карата куттуктоо телеграммаларын жолдошту.
Си өлкөлөрдү стратегиялык кызматташтык жана өз ара мамилелер гана эмес, жакшы коңшулук достук да байланыштырып турарын белгиледи. Путин өз кезегинде, орус-кытай өнөктөштүгү дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоого жардам берет деп ишенээрин билдирди.
«Кытай менен Россия бири-бирине эң чоң коңшу, дүйнөлүк державалар жана өнүгүп келе жаткан рынокко ээ ири өлкөлөр. Жүз жылда болуп көрбөгөн өзгөрүүлөргө туш болуп жаткан жаңы доордо, Путин мырза экөөбүздүн биргелешкен жетекчилигибиздин астында, эки өлкө ортосундагы саясий ишеним тереңдей берди»,-деп айтылат Си Цзиньпиндин «Синьхуа» агенттиги жарыялаган билдирүүсүндө.
Владимир Путин Россия менен Кытайдын мамилеси убакыттын сыноосунан өткөнүн, учурда өзүнүн тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи. «Эки тарап ар кандай тармактарда, эл аралык жана аймактык иштерде активдүү кызматташып жатат. Мен эки тарап орус-кытай өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө, Евразия менен дүйнөдө коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоого салым кошо берет деп ишенем»,-деп жазды президент.
2-октябрда Россия менен Кытай дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгын белгилейт.
Советтер Союзу 1-октябрда Кытай Эл Республикасын жарыялагандан кийинки күнү аны тааныган алгачкы өлкө болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Үлкөн соода түйүн мамлекетке өттү

Бишкек шаарындагы “Детский Мир” соода түйүнү мамлекеттин карамагына өттү. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты. Белгилүү болгондой, соода түйүн Камчы Көлбаевдерге тийешеси бар экендиги аныкталган. УКМК кармоо иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү кылтакка илди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн