Путин менен Монголиянын президенти боз үйдө сүйлөштү

Автор

Улан-Баторго иш сапары менен барган Россиянын президенти Владимир Путиндин Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Тар чөйрөдөгү жолугушуу мамлекеттик сарайдын ичинде курулган боз үйдө өттү. Башталар алдында Путин урматтуу коноктордун китебине «Эзелки досторго жана жакшы коңшуларга дагы бир жолу конокко келип жатканыма кубанычтамын»,-деген жазуу калтырды.
Владимир Путин Монголиянын президентин 22-24-октябрда Казань шаарында өтө турган БРИКС саммитине чакырды. Хурэлсух чакырууну кабыл алды. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн талкуулашты. Владимир Путин Россия менен Монголиянын мамилелери соода байланыштары жана соода жүгүртүүсү өскөнүн белгиледи. Хурэлсух Россия президентинин иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки өлкө бир нече мааракелик даталарды белгилеп жаткан жылга туура келгенин баса белгиледи. Боз үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттер эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген жолугушууларды башташты.

Бөлүшүү:
Next Post

4-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-сентябрда өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27, Баткенде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Нарын […]

Сизге жагышы мүмкүн