Путин мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин 18-19-август күндөрү мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу Кремль маалымдады.
Сүйлөшүүлөр учурунда Россия менен Азербайжандын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүү маселелери, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, өкмөттөр аралык жана башка документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайра шайлоо: №13 Сузак округу боюнча 11 адам арыз берди

№13 Сузак округу боюнча шайлоого катышууга 11 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-августка карата берген маалыматында айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгусу келгендердин экөө аял. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда, каттоо 2-сентябрга чейин аяктайт. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына […]

Сизге жагышы мүмкүн