Путин Лукашенкону кутман курагы менен куттуктап, орден ыйгарды

Автор

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин беларус кесиптеши Александр Лукашенкону 70 жаш кутман курагы менен куттуктады.
“Мамлекеттин эң маанилүү кызматында иштеп, өлкөңүздүн чыныгы патриоту катары жогорку абройго ээ болдуңуз. Анын кызыкчылыктарын эл аралык аренада ырааттуу түрдө коргоп, эң кыйын кырдаалдарда тең салмактуу, алысты көрө билген чечимдерди кабыл алган акылман саясатчы экендигиңизди көрсөттүңүз”,-деп айтылат Россия президенттин куттуктоо телеграммасында.
Ал Лукашенконун Россия менен Беларуссиянын мамилелеринин өнүгүүсүнө кошкон жеке салымын, Союздук мамлекеттин институттарын курууга жана бекемдөөгө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө чоң салым кошконун белгиледи.
“Биздин жылуу жана достук мамилелерибиз убакыт сыноосунан өткөндүгүн терең сыйлайм жана албетте, биргелешкен аракеттерибиз менен Россия менен Беларуссиянын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн баарын жасайбыз деп ишенем”,-деп айтылат куттуктоодо.
Кремлдин сайтында маалымдалгандай, Путин “Беларусь Республикасынын Президенти, Союздук мамлекеттин Жогорку Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Александр Григорьевич Лукашенкону Ыйык апостол Андрей Первозванный ордени менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Лукашенко Россия менен Беларуссиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон чоң эмгеги, россиялык жана беларусь элдеринин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле Союздук мамлекеттин түзүлүшү жана натыйжалуу иштөөсүнө жеке салымы үчүн сыйланды.
Ыйык апостол Андрей Первозванный ордени Россия Федерациясынын эң жогорку сыйлыгы.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын ар аймагындагы 100 объект бир маалда ачылды

Бүгүн, 30-август күнү, Кыргызстандын ар аймагында курулган 100 объект бир маалда ачылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында билдирди. Президент “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый […]

Сизге жагышы мүмкүн