Путин Коргоо министри Сергей Шойгуну кызматтан алды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин жекшемби күнү, 12-майда кечинде коопсуздук блогунда олуттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Сергей Шойгу Коргоо министрлигинин башчысы кызматынан айрылды, анын ордуна ведомствону мурдагы биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусов жетектейт. Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп, аны жетектеген Николай Патрушевдин ордуна келет.
Шойгунун ордуна Путин күтүүсүздөн Коргоо министрлигине биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовду дайындоону сунуштады.
Акыркы 16 жылда Владимир Путинге эң жакын коопсуздук кызматкерлеринин бири Николай Патрушевди кызматтан алуу боюнча президенттин жарлыгында себеби катары “башка ишке өтүү” көрсөтүлгөн. Эмне иш экени тактала элек.
Президент Коопсуздук кеңешинин катчысын эч кандай кеңешпестен дайындоого укуктуу. Ошондуктан жарлык дароо күчүнө кирет. 14-майда Коргоо министрлигинин башчылыгына Андрей Белоусовду дайындоо маселеси каралат.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Коргоо министрлигинин башчысын алмаштыруу зарылдыгын мекеменин инновацияларга, бардык алдыңкы идеяларга ачык болушу керек деп түшүндүрдү. Ошондуктан президент Андрей Белоусовдун талапкерлигин тандаганын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө согуш талаасында ким инновацияга көбүрөөк ачык болуп, мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыргандар жеңүүчү болуп саналат. Ошондуктан президент Коргоо министрлигине жарандык жетекчи дайындаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш»,-деди Песков.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Дагы бир балбан Олимпиадага жолдомо алды

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Ал Түркияда өткөн лицензиялык акыркы турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ямайкалык жана өзбекстандык балбандарды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Венгриялык атаандашы менен беттешти. Айаал Лазарев кайрадан мөөнөтүнөн мурда 12:2 эсебинде жеңишке жетти. Ал финалга […]

Сизге жагышы мүмкүн