Путин Ким Чен Ынды өлкөсүнүн 76 жылдыгы менен куттуктады

Автор

Россиянын Президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Корея Элдик Демократиялык Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 76 жылдыгы менен куттуктады. Эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экени белгиленген куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
«Урматтуу Ким Чен Ын! Корея Элдик Демократиялык Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 76 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер, достук жана коңшулук жакшы салттарга негизделген, жогорку деңгээлде турат. Бул биздин Пхеньяндагы жакында өткөн конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөрүбүздө толугу менен тастыктады»,-деп айтылат телеграммада.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Эл эмне дейт?

Күндөрдүн биринде, ата – бала эшегин минип, жакынкы айылдарга сапар алышат. Биринчи айылдан эшегине экөөсү тең минип өтүп баратышса, көрүп турган элдер айтышат. – Акмактар, экөөлөп минип алып ,эшегин аяшса боло дешет. Кийинки айылга келгенде, эшегин баласы минип, атасы жетелеп алат. Аны көргөн элдер: – Атасын аябаган кандай акмак бала […]

Сизге жагышы мүмкүн