Путин: Киев менен сүйлөшүүнүн эч кандай мааниси жок

Автор

Владимир Путин Украина менен чектеш аймактардагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Президенттин айтымында, чек ара аймактарына жасалган чабуулдардын максаты Киевдин сүйлөшүү позицияларын жакшыртуу.
«Киев режими биздин тынчтыкты орнотуу пландан жана нейтралдуу ортомчулардын сунуштарынан эмне үчүн баш тартканы эми айкын болуп жатат. Сыягы батыш кожоюндарынын эркин аткарып жатат. Батыш украиндердин колу менен биз менен согушуп жатат»,-деди президент.
Путиндин айтымында, Россиянын чек ара аймактарына чабуул жасалгандан кийин, Киев менен сүйлөшүүнүн эч кандай мааниси жок. «Тынч тургундарга, жарандык инфраструктурага чабуул жасап, ядролук энергетикага коркунуч келтирүүгө аракет кылган адамдар менен кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн? Алар менен эмнени сүйлөшсө болот?»-деди Владимир Путин жыйын учурунда.
Июнь айында Владимир Путин ок атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштаган. Украина бул талаптарды четке каккан. Кийинчерээк Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ок атышууну токтотууну сунуштаганда Владимир Зеленский дагы баш тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт

15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 14 мамлекттен келген 250дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандын атынан спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча жалпы 39 спортчу өлкө намысын коргойт. Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз […]

Сизге жагышы мүмкүн