Путин: Казанга чабуулу үчүн Украина катуу өкүнөт

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Казан шаарындагы дрондордун чабуулу үчүн Украинага «көптөгөн кыйроолор» болорун айтып коркутту. Бул тууралуу ал Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен сүйлөшүү учурунда билдирди.
«Бизде ким болбосун, эмне менен болбосун бир нерсени талкалоого аракет кылса, ал бул аракетинин жыйынтыгында өз жеринде көп эсе кыйроолорго туш болуп, кылганына өкүнөт»,-деди ал. Путин ошондой эле Миннихановго кайрылып, Казандагы чабуулдан жабыркаган бардык нерсе калыбына келтирилет деген ишенимин билдирди. «Биз артка кайрылбастан, келтирилген зыянды гана оңдоп-түзөтпөстөн, алдыга тезирээк жылууну улантабыз»,-деп кошумчалады президент.
Казанды 21-декабрда Украинанын дрондору чабуулга алган. Татарстан бийлигинин маалыматы боюнча, чабуулга сегиз дрон катышкан. Алардын алтоо турак үйлөргө урунган. РФнын Коргоо министрлиги дрондордун саны алтоо болгонун жана алардын үчөө атып түшүрүлгөнүн билдирген.
90

Казан мэриясы дрондор шаардагы үч районго Совет, Киров жана Приволж районундагы турак үйлөргө урунуп, өрттөргө себеп болгонун маалымдады. Расмий түрдө жабыркагандар тууралуу билдирилген эмес. Айрым телеграм-каналдар үч адам жаракат алганын жазышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Көп никелүүлүккө уруксат берилди

Орусиянын дин башкармалыгынын чечими менен төрт аял алууга уруксат берилгени маалымдалды. Эми Орусиялык мусулмандар жаңыдан нике жаңыртаарда мурдагы аялына кабарлашы керек жана бардык аялдарына адилеттүү мамиле кылууга тийиш. Эгер балалуу болбой же, эки тараптын мамилеси келишпей калса, эркек башка жубай кароо укугуна ээ. Кандай болгон күндө да, эркек Исламдын шартына […]

Сизге жагышы мүмкүн