Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барарын Ак Ордо кабарлады.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт. Мамлекет башчылары видеоконференция режиминде Казакстан менен Россиянын XX Аймактар аралык кызматташуу форумуна катышышат.
28-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары аймактык жана эл аралык коопсуздукка байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашат. Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгилүү хирург, профессор Эрнст Акрамов чын дүйнө салды

Белгилүү хирург, профессор Эрнст Акрамов бүгүн, 26-ноябрда 88 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ал 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Медицина илимдеринин доктору, профессор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» болгон. Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар […]

Сизге жагышы мүмкүн