Россиянын президенти Владимир Путин Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Сапар чынында активдүү даярдалып жатат. Даталары тууралуу өз убагында кабарлайбыз»,-деп жооп берди Песков.
Россия менен Казакстандын кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколунан алынган маалыматтарга караганда, Путин Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен 27-ноябрда барышы мүмкүн.