Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда Украинада бийлик алмашуудан мурда мобилизация жашын 18 жашка чейин түшүрүү чечими кабыл алынаарын сунуштады.
“Менин оюмча, АКШ администрациясы Украинанын жетекчилигин бул чечимдерди кабыл алууга мажбурлайт, анан алар Зеленскийден кутулат. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн бир жыл керек окшойт”,-деди Путин.