Россиянын президенти Владимир Путин запастагы россиялыктарды аскердик жыйынга чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
«Мен 2023-жылы запастагы россиялык жарандарды Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнө, Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлерине, мамлекеттик коопсуздук органдарына жана Федералдык коопсуздук кызматына аскердик даярдыктан өтүүгө чакырууну чечтим»,-деп айтылат текстте. Жарлыкка ылайык, Россия Федерациясынын өкмөтү жана облустук бийликтер чогултуу менен байланышкан иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.