2024-жылы Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы аскердик операциянын жүрүшүндө 189 калктуу пунктту көзөмөлгө алды, Бул тууралуу президент Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин кеңейтилген жыйынында билдирди.
«Быйылкы жыл атайын аскердик операциянын максаттарына жетүүдө маанилүү болду»,-деди ал.
Путин аскерлерге, офицерлерге, Коргоо министрлигинин, Росгвардиянын, атайын кызматтардын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине бардык тапшырмаларды так аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.