Путин: Жеңиш биз тарапта болот

Автор

Россия армиясы эң жогорку технологиялуу армиялардын бири гана болбостон, эң күчтүү жана согуштук даярдыктагы армиялардын бирине айланууда. Бул тууралуу 18-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Жолугушуу Казанда өтө турган саммиттин алдында болду.
«НАТО биз менен украиналык аскерлердин колу менен согушуп жатканын билебиз. Украина өз аскерлерин башка мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн аябастан колдонуп жатат. Украина өзү жогорку технологиялуу куралды колдонбойт. Муну НАТОнун күчтөрү жасоодо. Ал эми Россия армиясы өз күчү менен согушуп, куралдарды өзү чыгарып жатат жана программалык камсыздоону өзү иштеп чыгууда. Мына ушул чоң айырма. Өзгөчө акыркы убакта Россия армиясы эң жогорку технологиялуу гана болбостон, эң күчтүү армияга айланууда. Мен муну көрүп жатам. НАТОнун күчтөрү биз менен согушуудан качан тажайт. Бул тууралуу алардын өздөрүнөн сурагыла. Биз бул күрөштү улантууга даярбыз. Жеңиш биз тарапта болот»,-деди Путин.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 278 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна мезгил кутутсу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн