Путин: Жаңы фундаменталдык документ Россия менен КЭДРдин мамилесинин негизин түзөт

Автор

Президент Владимир Путин КЭДРдин төрагасы Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү баштап жатып, эки өлкөнүн мамилелеринин негизине жаңы фундаменталдык документ даярдалганын билдирди.
“Өткөн жылы сиздин Россияга болгон сапарыңыздын натыйжасында биздин учурдагы мамлекеттер аралык байланыштарды курууда бир топ алдыга жылдык. Бүгүнкү күнү биздин мамилелердин узак мөөнөттүү негизине жаңы фундаменталдык документ даярдалды”,-деп билдирди президент.
Россиянын лидери өткөн жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгын белгилешкенин, ал эми быйылкы жылы биринчи мамлекеттер аралык документтин — Экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча макулдашуунун 75 жылдыгын белгилешкенин эске салды. “Белгилүү болгондой, бул макулдашууга Ким Ир Сендин Москвага болгон алгачкы сапары учурунда кол коюлган”,-деп эскерди орус лидери.

Бөлүшүү:
Next Post

Жержаңгактын ден соолукка пайдалары

Жержаңгак-бул буурчак тукумундагы өсүмдүк болуп саналат. Ошондой эле жер жаңгак же арахис дан катары белгилүү. Жержаңгак тамак жасоодо, тамак-аш өндүрүшүндө (мисалы, май жана арахис пастасы) кеңири колдонулат жана белок, май, витамин жана минералдык курамынан улам азыктык баалуулугу жогору. Арахис көптөгөн себептерден улам пайдалуу жана аш болумдуу азык болуп саналат: 1. […]

Сизге жагышы мүмкүн