Ханойдо Россия менен Вьетнамдын президенттери Владимир Путин жана То Ламдын сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу болжол менен бир жарым саатка созулду.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар билим берүү боюнча кызматташуу келишими жана Вьетнамда өзөктүк технологиялар борборун түзүү графиги боюнча меморандумду камтыган бир катар документтерге кол коюшту.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуу Ханойдогу Президенттик сарайда өтүп жатат. Бул Вьетнам мамлекетинин башчысынын расмий резиденциясы. Төрт кабаттуу имарат XX кылымдын башында италиялык неоренессанс стилинде курулган.
Вьетнам көз карандысыздыкка ээ болгонго чейин сарай Индокытайдын генерал-губернаторунун резиденциясы болгон. Бул аймакта 1958-1969-жылдары Хо Ши Мин жашаган эки кабаттуу жыгач үй бар.