Путин БРИКС саммитинин жыйынын ачты, ага 40ка жакын өлкө катышууда

Автор

Казанда «БРИКС+/аутрич» форматындагы саммиттин пленардык жыйыны башталды. Ага 40ка жакын өлкө катышууда.
Россия Казандагы саммитке «Россиянын эң жакын коңшулары, бирдиктүү мамлекетте жашоонун жалпы тарыхы менен байланышкан достук мамиледеги өлкөлөрдү» чакырганын айтты. «Бул жерде БРИКС менен тыгыз кызматташтыкты түзүүгө кызыкдар мамлекет башчылары, ал тургай келечекте уюмга мүчөлүктү карап жаткан өлкөлөрдүн жетекчилери да катышып жатат»,-деп кошумчалады орус президенти.
Владимир Путиндин пикиринде, жыйындын бардык катышуучулары «бирдей максаттарды, баалуулуктарды жана жаңы демократиялык дүйнө тартибин көрүүнү бөлүшөт». Анын негизинде «өлкөлөрдүн жана элдердин мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана эгемендүү тандоолоруна урматтоо принциптери» жатат. Россиянын президентинин пикиринде, адилеттүү дүйнөлүк тартипке өтүү оңой болбой жатат. «Бул аракеттерди үстөмдүк кылуу логикасында ойлонууга жана аракет кылууга көнүп калган күчтөр жайлатууда»,-деди Путин.
Орус президенти мындай өлкөлөрдү регионалдык жана глобалдык стратегиялык туруктуулукту бузуп жатканы үчүн айыптады. Ал мисал катары Украинаны келтирди. Анын пикири боюнча, Украинаны Россиянын коопсуздугуна коркунучтарды жаратуу үчүн колдонуп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Матраимов 26-декабрга чейин тергөө абагында болот. Сот УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узарткан. Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн