Путин БРИКСке мүчө өлкөлөр тилектеш экенин айтты

Автор

Россиянын Президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө болгон суверендүү өлкөлөрдү тилектеш деп атады.
“Чынында эле, БРИКСтин курамында ар кандай континенттерди, өнүгүү моделдерин, диндерди, өзгөчө цивилизациялар менен маданияттарды камтыган тилектеш суверендүү өлкөлөр бар деп айта алабыз”,-деди Путин БРИКС саммитинин тар курамдагы жыйынында.
Мамлекет башчысы БРИКСке мүчө бардык өлкөлөр теңчиликке, жакшы коңшулукка жана өз ара урматтоого умтулушарын, достук жана ынтымак идеалдарын, жалпы жыргалчылык жана бакубатчылык үчүн аракет кыларын баса белгиледи.
“Бул өлкөлөр сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө дүйнөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти сезип, глобалдык туруктуулук менен коопсуздук абалына оң таасирин тийгизип, курч аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу салым кошуп жатышат”,-деп кошумчалады президент.

Бөлүшүү:
Next Post

24-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым […]

Сизге жагышы мүмкүн