Россиянын президенти Владимир Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен келди. Бул Путиндин президент болуп кайра шайлангандан берки биринчи чет элдик сапары.
Анын сапары эки күнгө созулат. 16-майда Пекинде болот, ал эми 17-майда Хэйлунцзян провинциясынын административдик борбору Харбин шаарына барат.
Владимир Путин Пекиндеги Эл аянтынын чоң залында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди расмий тосуп алуу аземине келди.