Келечекте Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө 0,7 нанометрдик чиптер чыгарылат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы Александр Лукашенконун Евразиялык жогорку технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечеги тууралуу сөзүнө жооп берип жатып Путин “Бизде азырынча жок, бирок биз ага жетебиз”,- деди.