Путин башкы штабга барды. Байден Израиль менен Украинага каражат сурады

Автор

Президент Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Ростов-на-Дону шаарындагы башкы штабына барды. Ага Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Украинадагы аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
АКШ президенти Жо Байден элге кайрылуусунда Украина менен Израилге жардам берүү үчүн Конгресстен кошумча каражат сурай турганын билдирди. Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер Кошмо Штаттары Украинага узак аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын “эгемен Украинанын аймагында колдонуу” шарты менен жөнөттү. Ал Киевге канча ракета берилгенин так айтуудан баш тартты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Республикалык күзгү кросс өтөт

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетикалык кросс өтөт. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаменти  билдирди. Маалыматка ылайык, чуркоо Карагач токоюнда өтүп, ага жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышат. Убактысы:   10:00 – окуучу кыздар;   10:30 – окуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн